Мектебим алтын бешигим!

Түгөл уулу Усупбек

    Түгөл уулу Усупбек — 1887-жылы Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында орто дыйкандын үй-бүлөөсүндө туулган. Атасы Түгөл баласын 1898-жылы Караколдогу дин мектебинен арабча окутуп, аны 1902-жылы бүтүрүп, айыл арасында куран окуп, молдочулук кылат. 1916-жылы Улуу Үркүндөгү алаамат Усупбек молдонун башына дагы түшүп эли менен бирге Кашкарга чейин барышкан. Андан бир жылдан кийин кайра туулуп өскөн Көл кылаасына келип, тиричилигин уланта башташат. Ошол учурда Төрт-Күлдөгү Илебай дегендин мечитинде айтылуу Мифтаков менен Эшенаалы Арабаевдердин демилгеси менен “Учительская” мугалимдер мектеби ачылып, ошол мугалимдик кесипке кирип, мугалим болуп чыгат. Эшенаалы Арабаевден билим алган Усупбек молдо 1924-жылы Нарын өрөөнүнө келип, азыркы Оттук айылына келип орношуп, кирип, өзү жашаган үйүн мектеп кылып, “Эчки-Башы”, “Оттук”, “Жаңы –Талап”, айылдарындагы адамдардын сабатсыздыгын жойдуруп, биринчи мугалим болуп, элди билимдүү – маданияттуу болууга үндөп чыгат.

Түгөл уулу Усупбектен биринчилерден болуп окуп кат сабатсыздыгын жоюп , кайра эле мугалим, шакирти болуп элге кызмат кылган, Эчки-Башы орто мектебине наамын берген Иманалиев Жусупту айтсак жетиштүү болоор.

Түгөл уулу Усупбек 1936-37-жылдын башына чейин мугалим болуп элге эмгегин сиңирди. Ошол мезгилдеги кандуу репрессия Усупбек агайыбызды дагы жөн калтырган жок. Ал эмгектенип жүргөндө Урмамбет деген киши өлүп, ошондо “мүчө” алдың деп жалган жалаа менен куугунтукка алынган. Турмуштун татаал сыноосунан, Сары-Күнгөйгө көчүп кетүүгө аргасыз болду. Көп узабай Улуу Ата Мекендик согуш башталып, Усупбек агайыбыз мергенчилик менен ишин улап, согуш майданындагы жоокерлерге азык камдоо менен өмүрүнүн акырына чейин алектенди. 1942-жылдан апрель айларында Түгөл уулу Усупбек агайыбыз дүйнөдөн кайтат.

Түгөл уулу Усупбек мүнөзү жумшак , катуу сөз сүйлөбөгөн, токтоо адам болгон. Жаратылышты сүйгөн мээнеткеч адам эле. Усупбек молдонун тиккен багы ушул күндө “Эски жалгашта” мектеп кылган үйүнүн жанындагы терек азыр Чынар терек болуп өсүп турат. Усупбек бир уул, бир кыздын атасы болгон. Уулу Усупбеков Садык отставкадагы милициянын полковниги, органдан ардактуу эс алууга чыккандан кийин өзү өнүп, өскөн “Коммунизм” колхозунда башкарма болуп жүрүп, 1982-жылы 30-майда мезгилсиз дүйнөдөн кайтат. Кызы Эркин турмушта, балimageа чакалуу , ардактуу эс алууда. Усупбек молдонун 42 небере чөбөрөлөрү болуп, Кыргызстандын булуң бурчтарында ар кандай кесиптин ээлери болуп эмгектенип келишет.

Мектеп алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири Асылбеков Ысмайыл мындай эскерээр эле: «Усупбек агай жакшы устат эле. Тентек кылган балдарды урушчу эмес, болгону бири-биринин кулагын карматып тургузуп коёр эле. Балдар улам биринин кулагын катуу чоё берип кулактары кызарып чыкчу»-деп эскерээр эле.

Түгөл уулу Усупбек агайыбыз, башка жердеги өзүнүн замандаштары болгон алгачкы агартуучулар сыяктуу, элдин сабатсыздыгын жоюуда эбегейсиз зор эмгек жасай алды. Элди сабаттуу кылуу менен, мектепти түптөө элди сабаттуу болууга үндөө оңойго турган жок. Атактуу жазуучубуз Чынгыз Айтматов агабыздын «Биринчи мугалимдин» чыгармасындагы Дүйшөндүн образы көзгө элестейт. Агайыбыз баары эле учурунда түшүнүп, балдарды жетелеп мектепке чууруп жөнөп калбаса керек. Адамдарды сабаттуулукка үндөө, алардын турмушунда өзгөртүү жасоо өтө зор эмгекти талап кылгандыгы атйпасак деле көрүнүп турат. Алгачкы агартуучубуз Түгөл уулу Усупбектин эмгеги баарыбыздын жүрөгүбүздө сактап, кийинки муундарга үлгү катары алып жүрүү ар бирибиздин милдетибиз.

Өмүр баяндын тексти Түгөл уулу Усупбектин күйөө баласы Жумалиев Сабырдын жазган эмгегине таянып кайра иштелип чыкты.

Иштеп чыккандар:

Тоюнбек кызы Нурай

Алмазбекова Акылай

Comments are closed.