Мектеп жетекчилиги

Солтонкулов Мурзабек Дюшеевич…-Ооба бул ысымды атаганда көз алдыбызга агайдын жаркын элеси тартылаары талашсыз. Калкка кадыры бар, элге эмгеги менен жаккан, элдин сыйлуу да, сыймыктуу да уулу эле.

«Мугалим», «агартуучу» деген түшүнүктүн ар бир элементин боюна сиңирген келечек муунга үлгү инсан эле. Анда агайдын өмүр жолуна сереп салып көрсөк.

Солтонкулов Мурзабек Дюшеевич 1953-жылы 10-декабрда Нарын районунун Куйбышев айылында жарык дүйнөгө келген. 1961-жылы Актан Тыныбек атындагы орто мектептин босогосун алгачкы жолу аттап, 1971-жылы ийгиликтүү бүтүргөн.

Агайдын келечекке кадамы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин механико-математика факультетине тапшыруу менен башталат. Ийгиликтүү дипломун колго алгандан тарта 1976-жылы Нарын районундагы Оттук орто мектебине математика мугалими болуп эмгек жолуна  сапар алат. Агайдын берген билими,  келечек муун үчүн күйүп-жанган аракетинин натыйжасында  мектептин комсомол, элдик контролдоо комитетинин секретары, ал эми 1981-1982- жылдары окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Жетекчиге таандык ары түйшүктүү эмгеги 1982-1985-жылдары Мин-Булак айылындагы Мин-Булак орто мектебине мектеп директору болуп дайындалгандан тартып башталса керек. Агайыбыздын тактыгы, кичи пейилдиги, ак  эмгеги кийинки кызматтарына жол ачып берди.

1985-1986-жылдары Тянь-Шань  райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн инструктору кызматын аркалады. Мурзабек агайдын иш билги жөндөмү, тырышчаак аракети 1986-1987-жылы райондук билим берүү бөлүмүндө методист болуп иштөөсүнө өбөлгө болду.

Келечек муунду тарбиялап өстүрүүдө  берген билимин, тарбиясын асыл сапаттарын окуучуларына синирип, көптөгөн  “мыктыларды” тарбиялаганын айтпай коюуга болбос. Бул эмгек жолу 1987-1989-жылдарга таандык. Өзүнө берилген ишти так, убагында бүтүрүп турган жоопкерчилиги, дилгирлиги кайрадан жетекчилик кызматтарга  тепкич болгон өндөнөт. 1989-1993- жылдары Оттук орто мектебинде  окуу бөлүмүнүн башчысы. 1996-2018-жылдары Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде мектептин директору болуп иштеп келди.

Мурзабек агай жетектеп турган учурда Түгөл уулу Усупбек орто мектеби көптөгөн ийгиликтерди багындырды. Алсак Нарын облустук «Намыс» программасынын алкагында уюшулган кароо-сынакта 1999-жылы 3-орунду, 2000-жылы  1-орунду багындырды.

Окуучуларынын дүбүртү район, облус, ал тургай республикага угулганын мактаныч кылалы. 2000-жылы Республикалык «Шайыр окуучулар клубу» кароо-сынагында мектептин окуучулары республикада 2-орунга ээ болгон. «Манас таануу» интеллектуалдык таймашта мектептин окуучулары 2015-жылы республикада баш байгени, ал эми 2017-жылы республикада 2-орунду ээлешкен.

Агайыбыз канчалаган кесиптештерине насаатчы, мыкты  устат боло алды. Талыкпаган эмгектин, изденүүнүн артында ийгилик бар экенин мисалдап, өзгөчө билим сапатына маани берип, жамаатын ошол жолго ээрчитти. Мурзабек Дюшеевичтин талыбаган эмгеги менен бир катар эл аралык уюмдар менен байланышып алардын колдоосу менен мектептин материалдык техникалык базасын чыңдоо, мугалимдердин усулдук тажрыйбасын байытуу, окуучулардын билим сапатын, адеп – ахлагын жакшыртуу иштерин жүзөгө ашырды. Алсак, Агайдын жетекчилиги менен 2001-жылы ошол кездеги Нарын райондук билим берүү бөлүмунүн башчысы М.Курманкожоевдин демилгеси, ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун колдоосу менен мектепти чатырын алмаштыруу иши жүзөгө ашырылды. Ошол кездеги мектептин имараты өтө аянычтуу абалда эле. Мектептин чатырынан тамган тамчы дубалдарга сиңип, дубалдар көгөрүп, аны менен кошо мектептин башка эмеректери дагы бүлүнүп жаткан. Мектептин педагогикалык жана техникалык кызматкерлери менен бирдикте кышкы мезгилде карагай даярдап тоодо болсо, жазгысын тактай тилдирип, жайкысын мектептин чатырында жүрдү. Бул долбоор 2002-жылы агайдын жетекчилиги, мектептин жалпы жамаатынын катышуусунда ийгиликтүү ишке ашырылып, мектептин чатыры толугу менен бүткөрүлдү.

2003-жылдары эл аралык PEAKS  долбоору иштей баштаган мезгилде бул долбоорго кирүү мүмкүнчүлүгүн тапты. Бул долбоордун алкагында мектептин ошол кездеги жетекчилиги мектепти башкарууну жакшыртуу, ал эми мугалимдер «сынчыл ойломду өстүрүү», «кадам артынан кадам» сыяктуу багыттар боюнча усулдук тренингдерден өтүп, усулдук колдонмолор менен камсыздалды.

2012-жылы Кыргыз Респупбликасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «100 инновациялык мектеп» сынагы жарыяланды. Бул сынактан дагы агай жетектеген Түгөл уулу Усупбек атындагы Оттук орто мектебинин эмгек жамааты дагы четте калган жок. Сынактын жыйынтыгы менен республикада тандалып алынган бир катар мектептердин арасынан 100 мектептин катарында Түгөл уулу Усупбек атындагы Оттук орто мектеби бар эле. Бул сынактан өтүү мектепке зор ийгиликтерди, мектептин материиалдык-техникалык базасынын чыңдалышына алып келди. Мектепке проекторлор, компьютерлер, интерактивдүү доска сыяктуу жабдуулар менен жабдылды. 2018-жылдын июнь айынан бери карай 1468587 сомго 11 компьютер, сенсордук интерактивдүү такта, принтери менен, 150941 сомго лабораторияга керектүү каражаттар, 551766 сомго компьютерлер жана проекторлор, 264212 сомго парта, стул жана шкафтар алынып келинсе, 2800008 сомго мектептин ажаатканасы жана химия, физика, биология жана химия окуу бөлмөлөрү капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

Мектепте 1987-2018-окуу жылына чейин 38 медалист: 12 алтын,9 күмүш 17 артыкчылык аттестат менен жана 7 окуучу “Алтын тамга” аттестаты менен бүткөндөр бар.

Агайдын мындан сырткары дагы эмгектери айтып түгөнгүс. Мектепти жетектеген 22 жылдык өмүрүндө миллион эмес  миллиарддаган акча каражаттары мектепке агылып келип, келечек муундар үчүн кызмат кылды. Агайыбыз жеке эле мектеп үчүн эмес Айыл тургундары үчүн дагы айрыкча таза суу менен камсыз болуусунда бир катар натыйжалуу иш аракеттерди көрдү. Дал ушул сыяктуу эмгектерин эске алып, 1982-1986-жылдары Мин –Булак айылдык кенешинин,  2000-2004-ж.ж, 2004-2008-жылдары Казан-Куйган айылдык кенешинин депутаты болуу ишенимине арзыган.

Мурзабек агайдын эмгектери  бааланып, 1996-жылы “Эл агартуунун отличниги” төш белгисин алды. 2011-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын “Эмгек синирген мугалими” наамын алганы жана 2014-жылдын 29-августунда «Нарын районунун ардактуу атуулу»  наамына эгедер болгону сыймык болду. Бул сыйлыктар мамлекет тарабынан берилсе ,эл тарабынан берилген сыйлыгы келечек муундун эсинде ак эмгеги адал иши менен калды.Ысымы ар дайым МЫКТЫ ПЕДАГОГ, МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ, МЫКТЫ КЕНЕШЧИ, МЫКТЫ АТА, МЫКТЫ ЖАР жана МЫКТЫ ИНСАН деген сөздөрдү  ээрчитери анык.

Агайыбыз 2018-жылдын 5-июнунда Кудайдын улуу айы Рамазан айында, орозодо иштеп жаткан учурунда жарык дүйнө менен кош айтышты. Бул үлгүлүү, келечек муундар үчүн өрнөк болуучу өмүр ар бир адамдын маңдайына жазыла бербейт. Ошондуктан агайыбыздын өмүрүн өрнөк тутуп, жасаган иштерин улоо кийинки муундардын ыйык парзы.

Жаткан жериңиз жайлуу болсун!

Биз Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин эмгек жамааты ар бир жылдын 10-декабрын «Өмүрү өрнөк – устатыбызды» эскерүү күнү катары белгилөөнү чечтик. Жыл сайын ушул күнү биздин мектепке кош келиңиздер демекчибиз!

 

Добавить комментарий