«Китеп менин жан дүйнөм» аттуу сынагынын жыйынтыгы

«2020-жыл, Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылынын алкагында , жаш жеткинчектердин китеп окууга болгон кызыгуусун ойготуу максатында «Китеп менин жан дүйнөм!» аттуу интерактив сынагы болуп өттү.

Сынактын максаты : Жаш жеткинчектердин китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, китеп окуу маданиятын калыптандыруу.

Бул сынакта 2-орунга Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 5-а классынын окуучусу Болотбекова Амина татыктуу болду. Ал эми активдүү катышкандыгы үчүн Исабекова Мөлмөл, Асанова Адеми, Ишенбеков Тагай сынактын «Ардак грамоталары» менен сыйланышты. Окуучуларыбызга таалим-тарбия берип жаткан ата-энелерине жана сабак берген агай-эжекелерибизге таазим этебиз!

Сынакты уюштурган С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепкансына, «ДЭМ» коомдук фондуна, Нарын облустук медиа борборуна, Нарын облустук «Теңир-Тоо» газетасына, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор,Нарын райондук китепканаларына ыраазычылык билдирүү менен иштерине ийликтерди каалайбыз!

Төмөнкү ссылка аркылуу Болотбекова Аминанын эмгегин көрө аласыздар.

Добавить комментарий