Осонов Турдубек агайыбыздан биздин мектепке белек

Айылыбыздын чыгаан инсандарынын бири болгон Осонов Турдубек агабыз мектебибиздин китепканасына көптөгөн кызыктуу китептерди белекке берди. Балдар үчүн атайын энциклопедиялар, көркөм адабияттар жана ошондой эле «Дүйнө талаш» аттуу өзүнүн калеминен жаралган чыгармалар, ж.б. Турдубек агабыз азыркы учурда «Кабар» маалымат агенстигинин башкы редакторунун орун басары болуп эмгектенет.

Урматтуу Турдубек агай биз сиз менен сыймыктанабыз! Сиздин топтогон бай тажрыйбаңыз менен мектебибиздин «Журналистика» чөйрөсүнүн окуучуларына бөлүшөт деген ишеничтебиз!

Сизге жана үй бүлөңүзгө бекем ден соолук, узун өмүр жана ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз!

Алмазбекова Акылай

Добавить комментарий