«ТМГИ» долбоорунун кезектеги жыйыны

Бүгүн Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде «Туруктуу мектептерди глобалдык издөө» долбоорунун кезектеги семинары болуп өттү. Бул иш-чараны «Туруктуу мектептерди глобалдык издөө» (ТМГИ) демилгесинин Улуттук координатору Дүйшенова Жылдыз Кадыркуловна,  Кыргыз Билим берүү академиясынын кызматкери, И.Арабаев атындагы КМУнин КЖ жана КДИ ТМГИ демилгесинин билим берүү эксперти п.и.к, доцент Калиман Жунушалиева, Озон жана климат боюнча координациялык борборунун ассистенти Муханова Камиля алып барышты. Семинарды Нарын районунун РБББнүн жетекчиси Белеков Болот Акматалиевич ачып берди.

Семинарга мектеп директору Асылбеков Казыбек Эсенгулович, Нарын районунун РБББнүн методисти Орозалиева Бурул, коңшу айылдардан Ж.Иманалиев жана М.Иманалиев орто мектептеринин мугалимдери жана биздин мектептин мугалимдери, «Экокоманданын» мүчөлөрү катышышты. Келген меймандарга мектептин директору Асылбеков Казыбек Эсенгулович  долбоор боюнча мектепте болуп жаткан иштер тууралуу кыскача маалымат берди.

Семинарда долбоордун максаты жана милдеттери айтылды. Жоопкерчиликтүү керектөө жана өндүрүү жана ТМГИ демилгесинин жалпы аткарылып жаткан иштери тууралуу маалымат берилди
Демилгенин негизинде аткарылуучу иштердин багыттары айтылды. Мугалимдерге жана окуучуларга методикалык куралдар сунушталды. Озон катмарын бузууучу заттарды камтыган товарларды жоопкерчилик менен керектөө темасында презентация менен таанышышты.

Ошондой эле семинарда кыргыз элинин каада- салттарындагы туруктуу керектөө принциптери маалыматтары абдан кызыгууну жаратты. Семинар мугалимдер үчүн абдан керектүү, жемиштүү, актуалдуу болгону семинардын катышуучулары белгилешти. Долбоордун координаторлоруна окуучулардын колунан жаралган кайра иштетүү багытындагы себет жана мектептин өздүк биотилкесинен өндүрүлгөн сабиз, кызылча белекке берилди.

Уюштуруучуларга, ТМГИ демилгесинин координаторлоруна терең ыраазычылык билдирүү менен иштерине ийгилик каалайбыз!

Алмазбекова Акылай

Добавить комментарий