«ТМГИ» долбоорунун эл аралык конференциясы өткөрүлдү

8-октябрь күнү Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектеби «Туруктуу мектептерди глобалдык издөө» (ТМГИ) долбоорунун эл аралык онлайн конференциясына катышты. Бул конференцияга долбоордун катышуучулары болгон ЮАР, Япония, Норвегия, Индия, Кыргызстан, Канада ж.б. мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты. Бул онлайн семинарга мектебибиздин Экокомандасынын мүчөлөрү Асылбеков Казыбек Эсенгулович, Малабаева Айнура Абанасировна, Касымалиева Гүлү Төрөгелдиевна, Абылаев Улан Алмазбекович жана Дүйшеева Жасмина эжеке агайларыбыз катышышты.

Семинардын максаты: Окуучуларга туруктуу жашоо образдарды калыптандыруу, сууну туура пайдалануу, таштандыларды кайра иштетүү жана башка экологиялык проблемаларды, алардын кесепеттери жана чечүү жолдорун предметтик мугалимдерге окутууну үйрөтүү.

Катышуучулар жакшы маалыматтарга ээ болушту жана бул багыттагы ар түрдүү  суроолорго жооп  ала алышты. Семинарды уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз жана иштерине ийгилик каалайбыз!

Алмазбекова Акылай

Добавить комментарий