«Бир адамдан — бир китеп» акциясынын ачылышы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде

26-май күнү республика боюнча өтүп жаткан  «Бир адамдан-бир китеп»  долбоорунун ачылыш аземи  билим уясы болгон Түгөл уулу Усупбек орто мектебинде болуп өттү. Ардактуу бүтүрүүчүлөрдүн, айыл тургундарынын жана белгилүү, атактуу инсандардын демөөрчүлүгү менен 2000 миңден ашуун китептер чогулуп, китептердин көргөзмөсү уюштурулган.  Балдар үчүн кызыктуу жомоктор, энциклопедиялар,  Манас эпосунун үчилтиги ж.б. көптөгөн…

Читать далее

Ардактуу бүтүрүүчүлөрдүн «10 жылдык» салтанаты

Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 2009-жылы мектепти ийгиликтүү аяктаган окуучуларыбыздын «10 жылдык» салтанаты болуп өттү. Бул окуучуларыбыздын мектеп үчүн жасаган салымы абдан зор. «Эшигин көрүп, төрүнө өт» демекчи, мектептин кире беришиндеги дарбазаны жаңылап жана ашканадагы окуучулардын колун жууй турган раковиналарды жаңы жасатышып, ага жылуу суу орнотуп беришти. Эсибизге сала…

Читать далее

Акыркы коңгуроо аземи

25-май мектебибиздеги бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроо аземи болуп өттү. Салтанатка ардактуу коноктор, ата — энелер, эже — агайлар, Казан-Куйган жана Он-Арча айыл аймагынын башчылары, Кыргыз почтасынын Нарын филиалынын  экономисти Султанова Нургүл эже жана демөөрчүлөр катышышты. Бүтүрүү салтанатында жыл ичинде жакшы ийгиликтерди көрсөтө алган мектептин алдыңкы окуучулары аныкталып, «Асылбеков Ысмайыл ата»,  «Алымкулов…

Читать далее

«Билге» интеллектуалдык таймашы

Биздин мектеп үчүн сүйүнүчтүү жаңылыгыбыз бар.Тарых сабагы боюнча январь айында республикалык онлайн интеллектуалдык «Билге» сынагы башталган. Нарын району боюнча биздин гана мектептен төрт окуучу   «Зымырык» командасын түзүп катышкан. Алар: Кыялбек кызы Айнуру 11классынын окуучусу, Бекчороева Ажара 10 классынын окуучусу, Азим кызы Ширин 10 классынын окуучусу, Жанышова Малика 9 классынын окуучусу.…

Читать далее

«Билим кербени» Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектепте

14-май күнү «Предметтик стандарттар, окуу программалар жана компетенттүүлүктөр» аттуу темада Кыргыз билим берүү академиясы өткөрүп жаткан «Билим кербени»  Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде өтүлдү. Бул семинар-тренингге Нарын районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Белеков, методикалык кабинетинин жетекчиси Б.Исакова жана Нарын районунун баардык мектептеринен химия, биология, география, математика, информатика, тарых,…

Читать далее

«Кош бол Алиппе!» майрамы

«Алиппе»- билимдердин башаты, анткени алты, жети жашка чыккан баланын билим дүйнөсүнө эшик ачып, алгачкы кадам ташташы ушул окуу китебинен башталат. Бала ушул окуу китептен тамга таанып, тамгаларды кураштырып сөз, сүйлөм курап жазып, сабаттуу окуганды үйрөнөт. Биринчи класска келген жаш бөбөктүн алгачкы ачып окуган китеби дал ушул АЛИППЕ китеби болуп саналат.…

Читать далее

«Тарбия башаты- ЭНЕЛЕР жана ЭЖЕЙЛЕР!

Мектебибизде уюштурулган «Келечек лидери» ийриминин окуучулары Казбекова Альбина, Азатова Карлыгач, Абдраев Жакшылык, Улан кызы Айсулуу 18-май күнү «Энелер күнүнө» карата  «Тарбия башаты-ЭНЕЛЕР жана ЭЖЕЙЛЕР» темасында апаларга жана мугалим эжейлерге тренинг өтүштү. Тренингге мугалим агай-эжейлер катышышты. Тренингдин негизги максаты баланы өстүрүп тарбиялоодо энелердин жана мугалим эжейлердин максаты бир экендигин айгинелөө жана…

Читать далее

Энелер күнүнө карата уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Баарыбызга белгилүү болгондой эле май айында «Энелер күнү» белгиленип келет. Дал ушул майрамга карата алыскы Турцияда ийгиликтүү эмгектенип жүргөн  биздин ардактуу Келдибек кызы  Сирень эжекебиз уюштурган дил баяндар сынагынын жыйынтыгы аныкталып, жеңүүчүлөргө атайын апаларга арналган белектер тапшырылды. Эскерте кетсек, «Энемдин бактылуу экендигин эмнеден билем?» темасында дил баяндар сынагы жарыяланган. Жыйынтыгында,…

Читать далее