Онлайн тренинг өтүлдү

2020-жылдын 24-март күнү Нарын райондук билим берүү бөлүмү, Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектеби биргелешкен онлайн тренинг өтүлдү. Онлайн тренингге Нарын районунун 25 мектебинин директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары катышышты. Тренингде мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү жөнүндө маалымат берилип, катышуучулардын суроо-жооптору менен коштолду. Тренингге Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы…

Читать далее

Тажрыйба алууга келген агайыбыз окуучулар арасында мелдеш өткөрдү

10-март күнү окуучулар арасында кичи футбол боюнча практикага келген Эрнис уулу Жумабек агайдын демилгеси менен мелдештик оюн өткөрүлдү. Жалпысынан бул беттешке 6 команда катышып, эң мыкты деңгээлдеги оюн куруп беришти. Натыйжада, 1-орунду «Бирге» клубу багындырышты, 2-орунга «Казан-Куйган 2003» командасы ээ болуп, ал эми 3-орунга «Аян 2004» командасы татыктуу болушту. Ошондой…

Читать далее

Мектебибиз электрондук күндөлүккө өттү

Электрондук күндөлүк кадимки эле программалардын катарына кирет. Мында жүгүртмөдөн (расписание)тарта журнал, күндөлүккө чейин электрондук түрдө болот. Электрондук журнал менен жүгүртмө мугалимдердин телефон, компьютер, жеке ноутбуктарына гана жүктөлсө, күндөлүк окуучунун жана ата-эненин телефонуна тиркеме сыяктуу көчүрүлөт. Болгону ар бир  ата -эне өзүлөрүнө тиешелүү болгон логин жана пароль аркылуу өзүлөрүнүн балдарынын күндөлүгүн …

Читать далее

Апалардын майрамы

6-март күнү Сейдинова Дамира эже өзүнүн 3-«а»  классы менен биргеликте, 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата, апалар үчүн «Апакемдин ак сүтү» деген темада концерт коюп беришти. Окуучулар апаларга жагымдуу маанай тартуулоо максатында ыр ырдап,бий бийлешти. Концерттин аягында балдар энелер үчүн өз колдору менен жасалган гүл тартуулашты. Ошондой эле, Өмүкеева Жылдыз…

Читать далее

«Ак калпак» күнү

5-март «Ак калпак» күнүнө карата 6-«а» классынын окуучулары жана  жетекчиси Жангазиева Гүлзада эже менен биргеликте «Асманда жарык көрсөң, жылдыз деп бил, ак калпак кийдендерди көрсөң, кыргыз деп бил!»-деген темада ачык сабак өтүштү. Иш чарада окуучулар топ-топко бөлүнүшүп, калпактын түрлөрү жана жаш куракка жараша кийилиши тууралуу маалымат беришти. Окуучулар тарабынан флешмоб…

Читать далее

«Жоокер ыры» кароо сынагынын райондук туру

4- мартта Нарын шаардык Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде «Жоокер ыры» кароо сынагынын райондук туру болуп өттү. Сынакка райондогу мектептерден тандалып алынган 28 окуучу катышып, жыйынтыгында «Согуш жылдарындагы» ырлар боюнча»СМУГЛЯНКА» аттуу чыгармасы менен Курманбеков Улук 1- орунду камсыз кылып 1- даражадагы диплом жана радио менен сыйланды. Окуучубузду тарбиялаган Эгембердиева Аида…

Читать далее

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча «Эко-кодекс» кабыл алынды

«Туруктуу мектептерди глобалдык издөө» долбоорунун негизинде экологияны сактоо,  айлана-чөйрөнү коргоо максатын көздөгөн 5-«б» классында «Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча  Эко-кодекс» темасында ачык сабак өтүлдү. Алгач долбоор, анын максаты тууралуу маалымат берилди. Класста окуучулар топторго бөлүнүшүп, 1-топ «Аба коргочуулары», 2-топ «Суу сактоочулары», 3-топ «Токой коргочуулары» болушуп жаратылышты, абаны жана сууну коргоо боюнча эрежелерди…

Читать далее

«Бирге» клубу апаларды куттуктады

4-март күнү «Бирге» окуучулар бирикмеси Оттук айылындагы маданият үйүнө «Апакемдин ак батасы»деген темада иш чара өтүштү. Иш чара эки багытта өттү. Биринчиси, келе жаткан 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата апаларга куттуктоолор айтылды. «Бирге»клубунун окуучулары энелер үчүн «Чептен элдин күчү бек» деген темадагы сценканы актёрдук чеберчилик менен аткарышып,энелердин жүрөгүн козгой…

Читать далее

«Туруктуу мектептерди глобалдык издөө» долбоорунун кезектеги иш-чарасы

Эскерте кетсек, долбоордун негизинде Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебибизде агай-эжейлерге жана окуучуларыбызга семинар-тренинг өтүлүп, мектепти жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери боюнча мыкты проект түзүү сынагы жарыяланганы маалымдалган. Сынакка окуучулар активдүү катышышты. Кызыктуу жана актуалдуу долбоорлор көрсөтүлдү. Айта кетсек, мектептин алдындагы эко- парктын жана эко-зонадагы беседканын долбоорун мыкты макетин түзүү менен…

Читать далее

Лыжа боюнча жаш спортчуларыбыздын ийгиликтери

Кыргыз Республикасынын «Лыжа жарыш Федерациясынын» негиздөөчүсү Махмуд Кашкари-Барскани атындагы Чыгыш Университетинин доценти, Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги Абдырасаков Бакыт Болотбековичтин жаркын элесине арналган лыжа тебүү боюнча республикалык турнир болуп өттү. Бул турнирге биздин окуучуларыбыз барып, көптөгөн ийгиликтерди жаратышты. Алдынкы орунга ээ болуп, мектебиптин намысын коргогон окуучуларды куттуктайбыз жана мындан ары…

Читать далее